Жаңылыктар
Кыргызстандык оор атлетчи эл аралык мелдеште алтын медаль утту
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандык оор атлетчи эл аралык мелдеште алтын медаль утту

Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Бекдөөлөт Расулбеков эл аралык мелдеште бир алтын, бир күмүш медаль утту. Эл аралык мелдеш Катардын Доха шаарында өттү. 

Бекдөөлөт Расулбеков 109 кг чейинки салмакта катышып, түртүп көтөрүү ыкмасында 219 кг салмакты багындырып, алтын медалга ээ болду. Жулкуп көтөрүүдө 162 кг салмакты көтөрүп, жыйынтыгында 2-орунду камсыздай алды. Ушул эле мелдеште 67 кг чейинки салмакта катышкан Ишимбек Муратбек уулу түртүп көтөрүү ыкмасында 164 кг багындырып 3-орунду ээледи.