Жаңылыктар
Саламаттык сактоо тармагындагы өзгөрүүлөр. Жыл жыйынтыгы
Ден соолук
Саламаттык сактоо тармагындагы өзгөрүүлөр. Жыл жыйынтыгы

Быйыл калктын саламаттыгына кам көргөн бир катар жаңы мекемелер ачылып, заманбап жабдуулар менен камсыздалды. Ошондой эле маанилүү мыйзам долбоорлору кабыл алынган. 

Быйыл бул тармакка маанилүү деп эсептелген эки мыйзам кабыл алынган. Булар “Кыргыз Республикасындагы жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө” жана “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” мыйзамдар. Ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого көңүл бурулуп, акыркы мисал өткөн жумада 47 тез жардам жана 60 санитардык автотранспорт берилди. Келерки жылы унааларга болгон муктаждыкты толугу менен жоюу пландалууда.