Жаңылыктар
Кийинки жылдын бюджетинин кирешеси чыгашадан көп болот
Экономика
Кийинки жылдын бюджетинин кирешеси чыгашадан көп болот

Келээрки жылы республикалык бюджеттин кирешеси чыгашасынан дээрлик жыйырма миллиард сомго көп болот. Жогорку Кеңеш Министрлер Кабинети сунуштаган республикалык бюджет тууралуу долбоорун колдоду. Парламентте салык саясаты, социалдык объекттердин курулушу, жарандарды турак жай менен камсыз кылуу сыяктуу маселелер көтөрүлдү.

Бюджет тууралуу мыйзам долбоору буга чейин биринчи окууда кабыл алынган. Эми экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды. Ага ылайык өткөн жылдын бюджетинин аткарылышы колдоо тапты. 

Ал эми келээрки жылдын бюджетинин кирешеси 378 миллиард 437 миллион сом деп бекитилди. Бул болжолдонуп жаткан чыгашадан дээрлик 20 миллиард сомго көп. Жыл сайын кайталанып келген дефицит эмес, профицит болжолдонуп жатат. Мындай ийгиликти өкмөт тышкы карыздын эң жогорку көлөмүн төлөй турган мезгилде убадалап жатат.