Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасынын 90 пайызы макулдашылды
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасынын 90 пайызы макулдашылды

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерине жаз айлары толук чекит коюлушу күтүлүүдө. Эки өлкөнүн тиешелүү топторунун кезектеги жолугушуусу 8-декабрдан 14-декабрга чейин Баткен шаарында өтүп, анда тараптар чек ара тилкесинин 47 жарым чакырымын макулдашууга жетише алышкан. 

Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын тең төрагаларынын жолугушуусунда чек аранын 90% макулдашылганы белгилүү болгон.