Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-декабрда, өлкөнүн экинчи Элдик Курултайында кайрылуу жасады.Мамлекет башчысынын кайрылуусу:
“Элдик Курултайдын урматтуу делегаттары!
Кадырлуу меймандар!
Ардактуу агайын-туугандар!
Арадан жыл айланып, Баш мыйзамыбызда белгиленген Элдик Курултайда кайрадан сиздер менен жолугушуп, мамлекетибизде жүзөгө ашырылып жаткан маанилүү иш-чаралар, күн тартибинде турган олуттуу маселелер тууралуу ийри олтуруп, түз сүйлөшүү насиби буюргандыгына шүгүрчүлүк келтирүү менен сөзүмдү баштайын.
Жалпыга маалым болгондой, 2023-жылдын 24-июлунда “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам кабыл алынган. Анда Элдик Курултайдын укуктук макамы, анын ишмердүүлүк принциптери жана делегаттарды шайлоо тартиби так көрсөтүлгөн.
Аталган Конституциялык мыйзамды ишке ашыруу максатында, үстүбүздөгү жылдын 29-августунда “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыкка кол койгом.
Жарлыкта Элдик Курултайды өткөрүү күнү так белгиленген. Мына бүгүн Элдик Курултайды салтанаттуу жагдайда ачып, жумурай журтка кайрылуу жасоо милдетимди аткарганы турам.
Элдик Курултай – бул мамлекеттик башкарууда ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти камсыз кылуучу кубаттуу курал! Көз караштар менен пикирлердин ар түрдүүлүгү шартында Элдик Курултай улуттук маанидеги актуалдуу маселелерди талкуулоого жана реформаларды илгерилетүү боюнча биргелешкен сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет.
Элдик Курултайдын диалог куралы катары натыйжалуулугу анда айтылган пикирлер менен көтөрүлгөн маселелерге бийлик канчалык олуттуу мамиле жасап жатканы менен байланыштуу.
Бүгүнкү улуттук жыйынга калк арасынан атаандаштык жол менен иргелип чыккан, коом турмушундагы көйгөйлөрдү жакындан жатык билген, аларды чечүү жолдору боюнча өздөрүнүн көз карашы бар чыныгы атуулдар, бардык администрациялык аймактар менен шаарлардын, эмгек мигранттары менен конфессиялык уюмдардын өкүлдөрү делегат болуп келишти деп ишенем.
Учурдан пайдаланып, Элдик Курултайды сыйлап, “өлкөмдү өнүктүрүүгө өз салымымды кошсом, ой-пикирлерим менен бөлүшсөм” деп ат арытып, чет өлкөлөрдөн келген мекендештериме ыраазычылык билдире кетейин.
Курултайдын ролуна жана ордуна олуттуу маани берүү биздин демократиябыздын талабы. Ал ар бир жаранга мамлекеттин калыптанышына жана өнүгүшүнө катышууга мүмкүндүк берген механизм болуп саналат.
Буюрса, бул механизм жыл өткөн сайын жакшыра берет деп ойлойм. Мен калкыбыздын үнү угула турган жана муундан муунга өтүп келе жаткан бул маанилүү институтту колдоно баштаганыбызга сыймыктанам.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Былтыр ноябрь айында өткөн биринчи Элдик Курултай өлкөбүздүн тарыхында алтын тамгалар менен жазылып кала турган маанилүү кадам болду.
Биз жапа тырмак аракеттенип, демократиянын жана адилеттүүлүктүн негиздерин чыңдай алдык, Кыргыз Республикасынын бардык жарандарынын бакубатчылыгын андан-ары камсыз кылууга жол чаптык. Бүгүн биз улуттук тарыхыбыздын дагы бир жаңы барагын ачып, жаңы чогулган Элдик Курултайдын ишин баштоонун алдында турабыз.
Бүгүнкү Курултай – жаңыланган диалогдун кезеңи! Жаңы идеяларга шыктанган элдин үнүн угуу менен жаркын келечегибизди түптөй турган маанилүү чечимдерди кабыл алуунун учуру!
Ар бирибиздин алдыбызда жалпы кыргызстандыктардын кызыкчылыгын коргоо деген албан жоопкерчилик турат. Андыктан, эл-журттун өсүп-өнүгүшүнө жана биримдигине умтулуубуз, жасаган иш-аракеттерибиз эл алдындагы милдеттерибизге төп келиши керек. Бүгүнкү делегаттардын курамында жамы журтубуз сыймыктанган жарандарыбыздын бар экендиги мени кубандырды.
Сиздер “элдин үнүн угузабыз, үмүт-тилеги менен өтүнүчтөрүн жеткиребиз, үзүрлүү жыйынтыктарга жетишүүгө жол ачкан чечимдерди кабыл алабыз” деген изги ниет менен келдиңиздер. Менин да, Өкмөттүн да тилегибиз ошондой. Мен Элдик Курултайдан мазмундуу жана конструктивдүү иштерди күтөм.
Ал үчүн ар бир делегаттын талкууга жигердүү катышуусу, омоктуу ойлорду көтөрүүсү маанилүү. Бүгүнкү өзгөрүлмөлүү заманда алдыдагы жылдарда кыйынчылыктар болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Бирок ынтымагыбыз бекем болсо, кеңешип иш алпарсак, кандай гана тоскоолдук чыкпасын, аларды жеңип, жалпы максатыбызга жете алабыз деп ишенем.
Биздин негизги максатыбыз жана түпкү мүдөөбүз – ар бир жарандын өз күч-дарамети жана мүмкүнчүлүгүнө жараша адилеттүү жана гүлдөгөн коомду, өнүккөн өлкөнү курууга катышуусуна жетишүү.
Урматтуу Элдик Курултайдын катышуучулары!
Биринчи “Элдик Курултайдын” жыйынтыгында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн иштерге токтоло кетейин. Элдик Курултайдын резолюциясы менен 3 182 пункттан турган иш-чаралардын планы иштелип чыккан.
Анын ичинен 68и – сот, укук коргоо органдарына караштуу маселелер, 1548и – социалдык-экономикалык маселелер, 313ү – жер менен байланыштуу маселелер, 1253ү – суу сактагыч, ишканалар сыяктуу чарбалык иштерге байланышкан ар түрдүү маселелер.
Бул 3182 иштин:
‒ 358и - аткарылды (11,25 %);
‒ 2 200ү - аткарылууда (69,14 %);
‒ 523ү - өз убагында аткарылган эмес (16,44 %);
Аткарууда турган пункттар аягына чейин жеткирилет жана толугу менен ишке ашырылат. Бир катар маселелерди аткарууга убакыт талап кылынууда. Ошондуктан алар боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат. Ал эми аткарыла элек иштер боюнча тиешелүү жетекчилер менен иштер алып барылууда.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Өлкөдө жасалып жаткан иштер тууралуу кененирээк маалымат китепче түрүндө жарыяланып, сиздерге таратылып берилди. Ага кошумча, жасап жаткан ишибиз тууралуу жогоруда тартууланган видео-фильмден дагы жетиштүү маалымат алдыңыздар деп ойлойм. Мен алардын баарын айтып убакыт коротпой, айрымдарына гана токтоло кетейин.
Ички дүң продукциянын көлөмү 1 триллион сомго жетип (2020-жылы 639 млрд), бул көрсөткүчтү жакынкы күндөрү эле басып өттүк. Бул – алгылыктуу жумуштун жыйынтыгы болгон чоң жетишкендик!
Казынабыздагы каражаттарыбыз, Кудайга шүгүр, жалаң гана өсүү темпи менен баратат. Бул көрсөткүчтөр, эң алгач, экономикалык саясатыбыздын туура, таза жана жыйынтыктуу жүргүзүлгөндүгүнөн улам жаралды. Тышкы карыз боюнча милдеттенмелерибиз бар. Ушул жылдары эң ири көлөмдөгү карыздарды төлөө убактысына туш келдик. 2030-жылга чейин ири суммадагы карыздарды төлөйбүз. Маселен, 2023-жылы – 344 млн доллар, 2024-жылы – 400 млн доллар, ал эми 2025-жылы – 430 млн доллар.
Социалдык тармактарга токтоло турган болсом, “Социалдык контракт” долбоорубуздун элибизге оң таасирин тийгизип жатканына күбөбүз. Ушул жылы 10 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон көмөк бердик, эмдиги жылы 20 миң үй-бүлөгө көмөк беребиз деп турабыз. Мындай кадамдарыбыз менен жакырчылыкты жоюуга багыт алдык десем жаңылышпаймын.
Саламаттык сактоо боюнча, өлкөбүздө, тилекке каршы, бөйрөк оорулуулар көп катталат. Ушундан улам, тарыхыбызда алгачкы жолу бөйрөктү алмаштыруу боюнча операциялар жасала баштады.
Атайын жабдууга Президенттин Резервдик фондунан 1 млн доллар бөлүндү. Мындан сырткары 1 млрд сом бөлүнүп, “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы түзүлдү. Анын башкы багыты ‒ калкыбызды жеткиликтүү баадагы дары-дармектер менен ортомчуларсыз камсыз кылуу.
Материалдык-техникалык базаларын жаңыртууга багытталган аракеттерибиз жемишин берип, руханий, маданий жана спорт тармагын өнүктүрүүгө каржылоону бир кыйла көбөйттүк.
Маданий объектилер: китепканалар, кинотеатрлар, стадиондор оңдолду, эл аралык деңгээлдеги “Барселона” футбол академиясынын филиалын ачтык, даңазалуу циркибиз бар эле, анын имараты таптакыр каралбай калган экен, аны заманбап кылып жаңыртып жатабыз. Кудай буюрса жакынкы араларда ачып беребиз. Андан сырткары өлкө боюнча түрдүү спорт комплекстери салынууда.
Улуттук баалуулуктарды сактоо, иретке келтирүү жана аларды өнүктүрүү максатында “Кыргыз Республикасынын жаранын руханий өнүктүрүүнүн жана калыптандыруунун узак мөөнөттүү идеологиялык стратегиясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө” тескемем чыкты. Бул документтин негизинде өлкөбүздүн алган идеологиялык багытын жакшыртуу жаатында бир нече стратегиялык актылар иштелип чыгат.
Энергетика секторунда олуттуу жумуштар аткарылып жатат. Биздин чымырканган аракеттерибиз өндүрүштү кескин көбөйтүүгө, жаңы ГЭСтерди, шамал, күн станцияларын курууга, 30дан ашык чакан ГЭСтерди ишке киргизүүгө багытталууда.
Энергетика министрлигине 261 техника алынды. Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорун ишке ашыруу үчүн курулуш иштерине кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Учурда техникалык-экономикалык негиздемесин актуалдаштыруу үчүн Дүйнөлүк Банк тийиштүү каражатты бөлүп бергени жатат.
Транспорт жана жол тармагына токтолсом, эки жылда 1386 км жол курулуп, асфальт төшөлдү. Бул тармакка 298 даана жол куруу техникасы алынды. Дагы 2 жыл аралыгында жол техникасынын санын 700гө жеткиребиз. Мындан сырткары, ички аэропортторубуз да жаңыланып жатат.
Эми агроөнөр жай тармагына келели. Айыл чарбасына 2 жылда 43,1 млрд сом берилип, 2,5 миңдей техника лизингге алынды. Өзүбүздү азык-түлүктүн 5 түрү менен камсыздоого жетиштик. Өлкөбүздө өнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлүүдө. 60 ири ишкана ишке кирип, 7700 жумуш оруну түзүлдү. Үч жылдын ичинде фонддор жана банктар аркылуу 1282 өнөр жай ишканасына каржылоо ачылды.
Өзүбүздүн “Кыргызиндустрия” компаниябыз 20 чакты долбоорду ишке ашыруу менен алпурушуп, электроника, топчу, мык, фурнитура, пластик, фарфор, принтер, ксерокс, ККМ аппараттары, кирпич, бетон, азот жер семирткичтерин жана башкаларды чыгарган өзүбүздүн өнөр жай заводдорубуз пайда болууда.
Машина куруу жаатында Өзбекстан менен биргеликте автотранспорт каражаттарын чогултуу жана өндүрүү боюнча “Алтын тулпар” заводун куруп жатабыз. Атайын техниканы чыгаруучу “Шахман” заводунун курулушу да башталганы турат. Курулуш материалдарды өндүрүүдө “Терек-Таш” клинкер, цемент заводдору жана “Асылташ” керамикалык плита, керамогранит өндүрүү заводу курулуп жатат.
Тоо кен тармагы 2020-жылы 18,2 млрд сом киреше берсе, 2022-жылы 48,4 млрд сом киреше берип, өзүңүздөр байкагандай, киреше эки жарым эсеге көбөйдү.
Учурда чалгындоо иштерине көңүл бурулууда. Топтолгон маалыматтар совет доорунан калган экен, ошентсе да кендерибизди чалгындоо улантылып, жаңы ачылыштар жасалууда.
Баткен аймагын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү – мамлекеттин артыкчылыктуу багыты. Мыйзам менен Баткенге өзгөчө статус ыйгарылган. Баткендин капиталдык курулуштарына 1,4 млрд сом, жолдоруна 1,7 млрд сом бөлдүк. Өнүгүүгө деп жылына 500 млн сом бөлүп жатабыз.
Жалпысынан Баткенге 3,7 млрд сомдон ашык акча каражаты кирди. 634 объектини жаңы салдык. Чек ара боюнча чейрек кылымдан бери топтолгон көйгөйлүү маселелер чечилүүдө. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процесси аяктады, ал эми кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери эки өлкөнүн дипломатиялык сүйлөшүүлөрү аркылуу улантылууда.
Чек ара кызматына 2 жыл ичинде 20 млрд сомдон ашык каражат жумшалды. Курал-жарактар, учкучсуз учактар, брондолгон унааларды сатып алдык. 40 объект жаңы салынды. Шаарларды, айылдарды материалдык-техникалык жактан чыңдоо иштери да колго алынды. Бишкекке 880, Жалал-Абадга 50 автобус келди. Таласка 85 техника алынды. Нарынга 3 жылдын ичинде 125 техника берилди.
Кыргызстан боюнча алганда бардык акимдер 100 %, айыл өкмөттөр 90 % унаалуу болду. Мунун баары ишибиздин натыйжалуулугу үчүн маанилүү экенинде шек жок.
Мамлекеттик башкаруудагы санариптештирүү иштери алгылыктуу жүрүүдө. Толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өттүк. Көптөгөн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр: түрдүү справкаларды, документтерди берүү, каттоо жана башкалар санарип форматка өттү.
Туризмди өнүктүрүү үчүн 2022-жылы фонд түзүлгөн.
Азыркы учурда 19 долбоор ишке ашырылып жатат. Алардын ичинде Кыргызстандын атагын чыгара турган ири долбоорлор бар.
Калкты үй менен камсыздоого көңүл бурулуп, Кудай буюрса, миңдеген жарандарыбыз Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үйлүү болот. Учурда күн-түн дебей турак-жайлар салынууда.
Эми административдик-аймактык реформага да токтоло кетейин. Реформа пилоттук режимде Түп району жана Нарын облусунда жүргүзүлдү.
Реформа жүргүзүлүп жаткан аймактарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик органдардын калкка көрсөткөн кызматтарынын сапатын жогорулатуу, жайыттар, ирригациялык система, таштандыларды жана ичүүчү сууну башкаруу тармагында иш алып баруу ыкмалары кайра уюштурулду. Буюрса, натыйжасы жакшы. Пилоттук режим оң натыйжа бергенине байланыштуу, республиканын бардык облустарында айыл аймактарды ирилештирүү тууралуу иш-аракеттер башталды.
Урматтуу агайын-туугандар!
Баарыңыздарга жакшы маалым, коррупцияга каршы жигердүү күрөш жүргүзүп келе жатабыз. Коррупция – бул биздин элдин гана эмес, бардык мамлекеттердин балээси. Коррупциянын айынан мамлекетибиз дээрлик 30 жылдан бери өнүкпөй, белгилүү бир адамдар гана байып, карапайым эл көр тирлиги менен эле күн өткөрүп калган. Азыркы учурда коррупцияга каршы иш-чаралар катуу жүрүүдө. Миллиарддаган акчалар мамлекеттик казынага кайтарылып жатат.
Бул жаатта күч органдары, анын ичинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өзүнүн жумушун жогорку деңгээлде аткарып жатканын баса белгилейм. Атайын кызматтын иштерин жамы журтубуз да колдоп-коштоп жатышат. Жерибиздин тынчтыгын, элибиздин бейпил жашоосун камсыздап, коркунуч туудурган ар бир көрүнүш менен олуттуу күрөшүүдө.
Анын ичинде уюшкан кылмыштуу топторго каршы элдешкис күрөш жүргүзүлүүдө. Коррупция менен күрөшүү – бул бир жолку аракет эмес, бул туруктуу аракет болушу керек! Коомдун бардык деңгээлдеринде коррупцияны алдын алуу үчүн биз дайыма сак болушубуз керек. Цивилизациялуу мамлекеттин дагы бир маанилүү көрсөткүчү – уюшкан кылмыштуулуктун жоктугу.
Кылмыш элементтери бар өлкөгө бир дагы инвестор инвестиция салбайт. Мындан тышкары, айрым аткаминерлер тарабынан дагы деле инвесторлордун ишине тоскоолдук, паракорчулук, лоббизм байкалууда. Бул көрүнүштөрдүн баары өлкөнүн имиджине зыян келтирет. Ошого байланыштуу, коррупцияга каршы аёосуз күрөш уланат жана мындан ары да күчөтүлөт!
Урматтуу кыргызстандыктар, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, өлкөбүздө укук коргоо жана соттор арасындагы коррупцияны жоюу боюнча да күрөш жүрүүдө.
Буга чейин жүргүзүлүп келген реформалар жетишээрлик натыйжа бере элек. Айрым мыйзамсыз аракеттерди тымызын жасаган кызмат адамдарын жоопко тартуу кыйынчылыктарды жаратууда. Бирок коррупцияга каршы күрөш биздин приоритеттүү багытыбыз болгондуктан, ал тынымсыз улантылат! Өткөн айда эле менин Тескемем менен 2025-2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү.
Анын курамына мамлекеттик органдардын, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер киргизилип, жумушчу топко коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча натыйжалуу иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча план иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.
Сот жана прокуратура органдары сот адилеттүүлүгүнүн жана мыйзамдуулуктун кепили болгондуктан, өлкөдө сот адилеттүүлүгү жогорку деңгээлде жүргүзүлүүсү жана мыйзамдуулуктун сакталышы үчүн кызмат кылышы керек. Акыйкат издеп кайрылган ар бир жаран мыйзамдуу талаптары ишенимдүү корголоруна терең ишениши керек!
Урматтуу мекендештер!
Эми келечек иштерибиз тууралуу жалпы кыргызстандыктарга кайрылуу жасап кетейин.
Ааламдашуу доорунда, башка өлкөлөрдөй эле Кыргыз Республикасы дагы, бүгүнкү күндө дүйнөдө болуп жаткан атаандаштыктын күчөшү, маалыматтык согуштун курчушу, экономика көйгөйлөрү, климаттын өзгөрүшү, жасалма интеллект, руханий, адеп-ахлактык жардылык менен тыгыз байланышкан жаңы жагдайларга туш болууда.
Ооба, бир жагынан алып караганда өзгөрүү доорунда жаңы мүмкүнчүлүктөр жаралат. Бирок бүгүнкү дүйнөдөгү өзгөрүүлөр шартында жогоруда айтылган жараяндарга ыңгайлашып, жаңы көчкө чыйыр салып кетүү – биздин башкы милдетибиз. Ар бир экономикалык өнүгүүнүн артында руханий жана маданий өзөк жатат.
Бизге – Айкөл Манастын, кеменгер Жусуп Баласагындын, даанышман Махмуд Кашгари-Барсканинин урпактарына ондогон кылымдарды артка таштаган ата-бабаларыбыздын каада-салты менен нарк-насилин сактап, аларды өнүгүүнүн өзөгүнө айландырууга мезгил келип жетти.
Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү, айрыкча, өнүккөн өлкөлөрдүн баары өзөгүн изилдеп, руханий баалуулуктарын иликтей баштаганын баамдоого болот. Себеби нарк-насил, каада-салт кийинки муундун акылына – акыл, эсине – эс, сөзүнө – сөз кошуп, көзүнө – көз болот! Каада-салт көкүрөк-көөдөнүн тазалаган коомдун тамыры жана келечеги кең экени барган сайын айкын болуп барат.
Дүйнө элдеринин мындай аракеттеринин катарында биздин коомчулукта дагы өзүнө эреже-тартип катары кабыл алып жашап келген ата-бабаларыбыздын нарк-насилин жайылтуу, бойго сиңирүүгө болгон умтулуусу, каалоосу күч алды. Биз учурда түрдүү маданий, этностук, диний көз караштарды карманган жарандардын жамааттарына карабастан, өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана бакубаттуулугун бекемдөөгө умтулган Кыргыз жаранын жана ошол жарандардын биримдигинен турган коомду калыптандырууга багыт алдык.
Эл шайлаган Президент катары мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдеринде эл биримдигин бекемдөөгө, этностор аралык мамилелерди жана ынтымакты чыңдоого, диндер аралык толеранттуулукту жогорулатууга, экстремизмге бөгөт коюуга багытталган жалпы улуттук комплекстүү системаны түзүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүү милдетин коюп келатам.
Бул тапшырманы бүгүн да кайталайм: эгерде кайсы бир мамлекеттик кызматкер же кимдир бирөө элибиздин ынтымагына доо кетирсе, улуттар ортосундагы достукту бузса, өзүнүн даражасына, ээлеген кызматына карабай мамлекетибиздин алдында мыйзам чегинде катуу жоопко тартылат! Мен эч кимге Кыргызстандын элинин ынтымагына доо кетирүүгө жол бербеймин!
Эми өлкөбүздүн тамыры, өзөгү, тарыхы жана келечеги болгон мамлекеттик тил маселесине келсек.
Учурда биздин тилибиз да кайра жаралуу доорун башынан өткөрүп жаткан кези. Үстүбүздөгү жылдын 17-июлунда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамга кол койдум. Натыйжалуу, иштиктүү талкуулардан өткөн мыйзам коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынды. Өз тилибизди сактап калуу жана аны өркүндөтүү – атуулдук да, мекенчилдик да парзыбыз! Нарктуулугубуздун башаты да эң ириде, эне тилибизге барып такалары талашсыз. Ошондуктан эне тилибизди көзүбүздүн карегиндей сактап, ар бир жаӊы төрөлгөн уул-кызыбыздын тили эне тилинде чыгып, улуу дөөлөттөрдү эне тилинде жаратып, улутубуздун түндүгүн көтөргөн намыстуу, нарктуу атуулдардан болуусуна кам көрүшүбүз абзел. Бүгүнкү улуу жыйында – Элдик Курултайда мына ушул улуу баалуулуктарды кантип калыбына келтиребиз, кантип өнүктүрөбүз деген маселелерге көңүл буруп, ой калчоого чакыраар элем!
Кудай буюрса, келе жаткан жылы элибиздин туруктуу аймактык, экономикалык жана маданий жактан жалпы биригүүсүнө өбөлгө түзгөн, социалдык-экономикалык кайра түзүү жана элди бирдиктүү бир улутка бириктирүү процесстерин тездеткен Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде белгилегени турабыз. Бул багытта менин атайын Жарлыгым да чыккандыгын билесиздер.
Эми сөзүмдү коомубуздагы аялдар жана балдар темасына бурайын. Тилекке каршы, аялдарга жана балдарга карата зомбулук дүйнөдөгү көптөгөн коомдор туш болгон көйгөй болуп баратат. Бизде, Кыргызстанда да ушундай терс көрүнүштөр бар. Бул чектен чыккан көрүнүш, кабыл алынгыс жагдай! Ар бир адамдын кадыр-баркы мыйзам же мамлекет тарабынан эле эмес, бардык башка жарандар тарабынан да корголушу кажет! Эзелтен эле энени, аялзатын урматтоо кыргыз элинин өзгөчөлүгү, маданий жана социалдык нормаларынын маанилүү бөлүгү болуп келген, мындан ары дагы болуп калышы керек! Адилет коомду куруу ар бирибиздин максатыбыз болушу зарыл. Коомдо оройлукка орун болбошу керек, айрыкча, эже-карындаштарыбызды коргоонун, урматтоонун, ар бир наристеге кам көрүүнүн, улуу муунга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын баса белгилеп кетейин. Өлкөбүздө агрессияга жана ырайымсыздыкка эч кандай актоо жок жана болушу да мүмкүн эмес! Аларды жектөө гана болот!
Урматтуу замандаштар!
Бүгүнкү күндөгүдөй өткөөл учурда инновацияларды киргизүү менен калктын жашоо-турмуш шартын жогорулатуу максатында коомдун муктаждыктарына жооп берүү зарыл. Элдин жашоо-турмушун жакшыртууда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселеси турат. Биринчи кезекте бул багыттагы саясат азык-түлүк булактарын диверсификациялоого жана социалдык маанилүү товарлардын ички өндүрүшүн көбөйтүүгө багытталат. Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча атайын Изилдөө институту түзүлөт. Ал учурдагы азык-түлүктүн абалын, өндүрүштү, керектөөнү, резервдерди, тамак-аш азыктарынын жеткиликтүүлүгүн изилдеп-талдоо менен алектенип, тиешелүү сунуштар менен болжолдоолорду иштеп чыгат.
Суу саясаты тууралуу сөз болгондо биз Кыргызстан мөңгүлөрдүн, тоо дарыяларынын жана көлдөрдүн аркасында эбегейсиз суу ресурстарына ээ деп айтып келебиз. Өлкөбүз транс чек аралык суу системасынын бир бөлүгү. Суу саясатында ички муктаждыктарга гана эмес, эл аралык контексттен да кароого туура келет. Биздин алдыбызда сууну учурдагы керектөөлөрүбүзгө гана пайдалануу эмес, келечек муундар үчүн дагы сактоо милдети турат! Өлкөнүн жаңы суу саясаты суу ресурстарын туруктуу башкарууга, суу экосистемаларын сактоого жана коргоого, ошондой эле заманбап суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө багытталат. Бүткүл өлкө боюнча суу сактагычтарды курууну мерчемдеп жатабыз. Бул максатта ирригациялык тармактын инфратүзүмүн модернизациялоо боюнча иштер улантылат. Мына ошондуктан, суу ресурстары боюнча саясатты жүргүзгөн мамлекеттик органдын статусу жогорулатылат.
Жаңы соода жолдору боюнча. Кыргызстан уникалдуу соода магистралынын – Улуу Жибек жолунун каттамында жана Европа менен Азиянын ортосунда жайгашкан. Соода жолдорунда ыңгайлуу, географиялык жерди ээлөө менен биздин өлкө Чыгыш менен Батыштын ортосуна көпүрө боло алат. Бул максатта кургактагы жана деңиздеги эл аралык каттамдын жаңы мультимодалдык багыты – Түштүк транспорттук коридору иштелип чыгууда. Мындан тышкары Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы аба каттамдарын чыңдай турган, Ош жана Кашкар аэропортторун байланыштыра турган Түштүк аба коридорун ачуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Кудай буюрса, жакында “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушу башталат. Темир жолдор аркылуу Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу Афганстанга транзит менен жүк ташыган контейнерлерди ташуунун пилоттук долбоору улантылат. Ошондой эле “Иран – Түркмөнстан – Өзбекстан – Кыргызстан” пилоттук контейнердик поездин ишке киргизүү маселеси каралууда. Жогоруда белгиленген демилгелер жана ишке ашырылып жаткан долбоорлор Кыргызстандын тышкы дүйнө менен транспорттук-логистикалык коммуникациянын жаңы деңгээлине чыгышына мүмкүндүк берет деп ишенем.
Экономикалык өсүштү тездетүү, ишти жаңы реалдуулукта жүргүзүү үчүн коюлган милдеттерге келе турган болсок, биз 2021-жылы “Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын” кабыл алганбыз. Акыркы 2 жылда аталган улуттук программа өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтө баштады. Бүгүнкү күндө биздин алдыбызда кошумча өсүү темптерин аныктоо милдети турат. Экономикалык жаңы саясаттын алкагында капитал рыногун реформалоого, жигердүү экспорттук саясат жана аймактардын мультимодалдык соода-логистикалык хабын түзүүгө жана каржы-экономикалык сабаттуулукту арттырууга кошумча басым жасалат.
Дүйнөлүк фондулук рынокту өнүктүрүү онлайн-соода, инвестициялык маркетплейстер сыяктуу санариптик технологияларды киргизүү менен кеңири коштолот, бул анын катышуучуларынын иши үчүн ишенимди, ыкчамдыкты жана ыңгайлуулукту жогорулатууга мүмкүндүк берет. Ошондуктан бизде да фондулук рынокту жана анын санарип инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүшү зарыл.
Бир жагынан, чарба жүргүзүүчү субъекттердин фондулук рынокко чыгышы каржылоо булактарын диверсификациялоого жана узак мөөнөткө инвестициялык ресурстарды тартууга, ошондой эле компаниянын учурдагы рыноктук наркын баалоого мүмкүндүк берет. Экинчи жагынан, фондулук рынокто жарандар үчүн жеткиликтүү финансылык инструменттер кирешенин кошумча булактарын жана калктын аманаттарынын негизин түзөт.
Келечекте ГЭСтер, өнөр жай объекттери сыяктуу улуттук долбоорлорду жана өнүктүрүү долбоорлорун каржылоо үчүн фондулук рынок аркылуу инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгүн түзүү зарыл. Жарандар жана тышкы инвесторлор ири объектилердин курулушуна инвестиция салууга мүмкүнчүлүк алышат. Ири инвестициялардын тартылышы үчүн эң биринчи кезекте адилеттүү соттордун болушу кажет. Ушуга байланыштуу “англис укугун” киргизүү жагын да карап жатабыз
Эгерде биз инвестициялардын эл аралык рыногуна чыгууну кааласак, бул өтө зарыл кадам. Мына ушул жерден Курултайдын делегаттарынын маанилүү ролун белгилеп кетейин. Анткени сиздер элдин таламын талашуу үчүн тандалып, Курултайга өкүл болуп келдиңиздер. Мына ошондуктан сиздер болгон чындыкты элге жеткиресиздер. Биз – баарыбыз инвесторлорго болгон мамилени өзгөртүшүбүз зарыл! Аларды өлкөнү каптап кетүүгө же жерибизди тартып алууга аракет кылган душман катары көрбөшүбүз керек. Ар бир инвестордун максаты – киреше алуу. Ар бир инвестор өз ишин аткаруу менен катар коом үчүн жалпы пайдалуу натыйжаны да берет. Ар бирибиз инвесторлорго колдон келишинче колдоо жана көмөк көрсөтүүбүз керек. Эгерде ишканалар курулса - жергиликтүү калк үчүн жумуш орундары түзүлүп, элдин жашоо-турмушунун жакшырышына өбөлгө болот.
Акыркы окуялардын негизинде Кыргыз Республикасынын бардык жарандары үчүн салык төлөөнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу белгилеп кетким келет. Көмүскө экономиканын анча-мынча бөлүгүн ачыктоонун аркасында биз пенсияларды, жөлөкпулдарды, эмгек акыларды масштабдуу жогорулатууга, болуп көрбөгөндөй сандагы социалдык объекттерди курууга жана жүздөгөн километр жаңы жолдорду салууга жетиштик.
Салыксыз биздин бейпилдигибизди камсыздаган күчтүү армия болбойт, жарандардын социалдык бакубаттуулугу жогорулабайт, сапаттуу медицина жана татыктуу билим да болбойт. Ошондуктан, салыктарды милдеттенме жана мажбурлоо катары эмес, өлкөнүн өнүгүшүнө болгон маанилүү салым катары карайлы. Башка сөз менен айтканда, салык эмес – салым катары кабыл алалы!
Экономиканын башка бир локомотиви атамекендик продукцияны экспорттоо болуп саналат. Жакында биз сооданын негизги драйвери боло турган Экспортту илгерилетүү борборун түздүк. Бул Борбор ата мекендик товарларды экспорттоонун бардык этаптарын толук коштоо үчүн бардык зарыл болгон мамлекеттик органдар жана биздин чет өлкөлөрдөгү мекемелерибиз менен иштешет. Ошондой эле электрондук коммерцияны андан ары өнүктүрүүгө жана электрондук маркет плейстерди түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Дүйнөлүк товар өндүрүүчү державанын жанында болгондуктан, биз географиялык жайгашуубуздун бардык артыкчылыктарын жакшылап колдонушубуз керек.
Биз экспортту өнүктүрүү максатында регионалдык соода-логистикалык борборлорду түзүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз зарыл. Жакын арада, буюрса, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууга киришебиз.
Анын техникалык-экономикалык негиздемеси аягына чыкты. Бул биздин өлкөнүн тарыхындагы экономиканын бардык секторлоруна өз таасирин тийгизген маанилүү окуя болуп калат. Муну менен катар эле бардык облустарды жана шаарларды түндүгүбүз менен түштүгүбүздү байланыштыруу үчүн темир жолдорду жана автомобиль жолдорун курууну улантабыз. Анткени, логистика көп сандагы экономикалык операциялардын жана бүтүмдөрдүн жогорку динамика менен кыймылын сактоого мүмкүндүк берет. Дүйнөдө финансылык технологиялар укмуштуудай ылдамдык менен өнүгүп жатат. Ошондуктан банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн санарип инфратүзүмүн өнүктүрүүнү, инновациялык банктык операцияларды жана санариптик төлөм технологияларын киргизүүнү тездетүү зарыл. Банк рыногун жөнгө салуучу катары Улуттук банк төлөм чөйрөсүндө жаңы технологияларды (финтех-стартаптар) өнүктүрүүгө жана кабыл алууга көмөк көрсөтүүчү стандарттарды, ченемдерди активдүү ишке киргизүүнү, ошондой эле санариптик сомду тестирлөөнү жана аны жүгүртүүгө киргизүүнү ыкчамдатуусу керек.
Баш мыйзамда “Кыргызстан – социалдык мамлекет” деп белгиленген. Ошондуктан, бүгүнкү күндө бюджетибиздин олуттуу бөлүгү социалдык чөйрөнү жакшыртууга жумшалып жатат. Кыргызстандын социалдык саясаты адамдын эркин өнүгүүсүнө жана татыктуу жашоосуна шарт түзүүгө өбөлгө болуусу абзел. Жарандардын татыктуу иштеп, татыктуу маяна алуусуна шарттарды түзүү, дөөлөттүү карылыкка жетиши үчүн жумуш орундары менен камсыз кылуу, элди пенсия менен камсыздоонун саясатын андан ары реформалоо – мамлекеттин маанилүү милдеттеринин бири. Ар бирибизде социалдык бюджетке кошуп жаткан салым – бул келечекке болгон кепилдик деген түшүнүк болушу керек!
Калктын саламаттыгын сактоо жана жакшыртуу – социалдык турмуштун эң маанилүү багыты! Биз элибиздин саламаттыгына өзгөчө маани беребиз.
Элди баштапкы медициналык-санитардык жардам менен акысыз камсыз кылуу жана медициналык тез жардам принциби боюнча иштөө сапаттуу деңгээлде уланышы зарыл. Мындан сырткары, ар бир адам ден соолугу үчүн жеке өзүнүн жоопкерчилигин күчөтүүсү керектигин аңдап-билиши кажет. Жакынкы аралыкта саламаттык сактоо уюмдарынын имараттарын курууга жана реконструкциялоого басым жасалат. Жаңы заманбап ооруканалар курулуп, заманбап жабдуулар менен жабдылат. Өлкөбүздө медициналык илимдин өнүгүшү эл аралык илимий коомчулук менен интеграциялануу шартына өтүшү керек. Келечекте Кыргыз Республикасында жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасы менен камтуунун алгылыктуу деңгээлине жетишебиз.
Кыргызстан адам ресурстарынын зор потенциалына ээ! Биз бул потенциалды элибиздин жана экономикабыздын бакубатчылыгына пайдалануубуз зарыл. Орто мөөнөттүү келечекте биз эл аралык деңгээлдеги юристтерден баштап инженер-долбоорлоочуларга чейинки ар кандай багыттагы адистерди өстүрүп чыгарабыз. Натыйжада эмгек миграциясында жүргөн бардык мекендештерибиз суроо-талапка ээ болуп, өз Мекенинде жогорку маяналуу жумуш таба алган шарттарга жеткиребиз.
Биздин коомубуз жана өлкөбүз үчүн илимдин орду абдан жогору. Себеби илим – инновациянын, экономикалык өсүштүн, социалдык прогресстин кыймылдаткычы!
Кандай гана иштер болбосун, баары илимий изилдөөлөргө негизделип, таянылышы керек. Бул багытта илимий-изилдөө институттарынын ишин күчөтөбүз. Алардын ишмердиги, натыйжалары, бардык тармактарда фундаменталдык реформаларды жүргүзүүгө өбөлгө болот. Ал эми билим берүү болсо – бул жөн эле артыкчылык же укук эмес, бул бүгүнкү күндөгү эң маанилүү зарылчылык! Жакшы жашоого, жаркын келечекке болгон жолдомо! Биз өлкөбүздүн ар бир жаранынын социалдык же экономикалык абалына карабастан, сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн колдон келгендин бардыгын жасашыбыз керек.
Курултайдын урматтуу делегаттары!
Кадырлуу меймандар!
Биздин тышкы саясатыбыз тынчтыкты жактоо, көп вектордуу кызматташуу жана эл аралык укукту урматтоо принциптерине негизделген.
Мындан улам Борбор Азиядагы жакынкы кошуналарыбыз менен байланышты чыңдоого өзгөчө маани беребиз. Өлкөбүз БУУ, ЕАЭБ, ШКУ, ЖККУ, КМШ жана башка эл аралык уюмдардын ишмердигине жигердүү катышууну мындан ары да улантат.