Жаңылыктар
Бөбөктөрдү толук камсыз кылуу үчүн 2745 бала бакча куруу зарыл - Билим берүү жана илим министрлиги
Кыргызстан жаңылыктары
Бөбөктөрдү толук камсыз кылуу үчүн 2745 бала бакча куруу зарыл - Билим берүү жана илим министрлиги

Кыргызстанда бөбөктөрдү толук бакча менен камсыз кылуу үчүн 280 орундуу 2 746 балдар бакчасын куруу зарыл. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча отчёттук маалыматында айтылат. 

"Учурда өлкөдө мектепке чейинки курактагы 1 млн 110 миң 343 бала бар. Анын ичинен 220 миң 12си бакчага барып жатат. Ал эми 768 миң 796 бөбөк балдар бакчасына тартылган эмес. Булардын бардыгын бакча менен толук камсыздоо үчүн 280 орундуу 2миң 746 балдар бакчасын куруу зарыл", — деп жазылат отчётто. 

Министрлик өлкөдө кыска мөөнөттүү бакчаларды түзүү боюнча иштер уланып жатканын айтып, Дүйнөлүк банктын каражатына 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалаган.

Ошондой эле бир сменалык мектептерде 73,5 миң баланы камтыган мектепке чейинки топтор ачыла турганын белгилеген.