Жаңылыктар
Аба ырайы: Сууктан жана үшүк алуудан сактануу жолдору
Кыргызстан жаңылыктары
Аба ырайы: Сууктан жана үшүк алуудан сактануу жолдору

Кыргызстанда абанын температурасы төмөндөп, суук болууда. Синоптиктер кээ бир аймактарда абанын температурасы -35 градуска чейин төмөндөшү күтүлүп жаткандыгын эскертишкен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууктан сактануу үчүн төмөндөгү эрежелерди сактоо зарылдыгын эскертет. Эң алгач, кан айланууну камсыздоочу кан тамырларды коргоо үчүн башты жана моюнду жылуу кармоо зарыл. 

Мындан сырткары, суукка чыгардан мурун жакшылап тоюп алуу керек. Анткени ачкалык адамдын организминин суукка каршы күрөшүүсүнө тоскоолдук жаратат. Алкоголдук ичимдиктер адамдын суукту сезүү мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт. Ал эми тамеки тартуу кан тамырлардын ичкерүүсүнө алып келип, кан айланууну басаңдатат. Ошондуктан алкоголдук ичимдиктерден жана тамеки тартуудан алыс болуу сунушталат.