Жаңылыктар
Нарындагы соода жана оюн-зоок жайлары ижара акысын арзандатты
Кыргызстан жаңылыктары
Нарындагы соода жана оюн-зоок жайлары ижара акысын арзандатты

Нарын облусундагы соода жана оюн-зоок комплекстеринин ижара акысын арзандатууда. Атайын кызмат билдиргендей, УКМК Министрлер Кабинетинин салык реформасын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүнү улантууда. 

Нарын облусунун ири соода-базар комплекстеринин ээлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгында соода жайларынын ижара акысын 20 пайыздан 50 пайызга чейин төмөндөтүү макулдашылды. 

Ошону менен бирге облустагы соода-базар комплекстеринин ээлери базарлардын инфраструктурасын жакшыртуу менен бирге, базарларда соода кылган карапайым ишкерлерге тиешелүү шарттарды түзүп, алардын каржылык жүгүн жеңилдетүү максатында контролдук-кассалык машиналар менен акысыз камсыз кылышат. Нарын облусунда 2383 ККМ катталган, патенттин негизинде 894 ишкер ишин улантууда.