Жаңылыктар
Жалган жалаа жаап, акча талап кылган милиция кызматкерлери кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Жалган жалаа жаап, акча талап кылган милиция кызматкерлери кармалды

Ысык-Көл облусунун Түп райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары жана анын эки кызматкери акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Атайын кызмат билдиргендей, ички иштер органдарынын бул кызматкерлери атайын даярдалган кыздар аркылуу, зордуктоого аракет кылуу фактысы боюнча жасалма арыздарды каттоого алып, андан кийин жоопкерчиликке тартабыз деп коркутуу менен Түп районунун тургундарынан 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылышкан.

Көрсөтүлгөн сумманын 20 миң сому Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратында кыздарга берилип, калган 80 миң сомун эртеси күнү алуу пландалган. Калган сумманы ала албай калып, милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга кысым көрсөтүү максатында зордуктоо аракети боюнча атайылап жалган арыз катташкан. Жабырлануучулардын жазуу түрүндөгү арызынын негизинде, 12-декабрда УКМК тарабынан Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кармалган.

Каракол шаардык сотунун чечими менен 15-декабрда кармалгандар тергөө аяктаганга чейин №23 тергөө абагына киргизилди.