Жаңылыктар
Элдик Курултай өз ишин улантууда
Кыргызстан жаңылыктары
Элдик Курултай өз ишин улантууда

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусу менен экинчи Элдик Курултай ишин улантып жатат. Бүгүн, 16-декабрь - Курултайдын экинчи күнү.Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат чогулуп, чет өлкөдө жашаган мигранттардын, диний конфессиялардын өкүлдөрү да катышууда.

Делегаттар аймактарды жана айылдарды, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү, чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктардын көйгөйлөрү жана башка коомдук маанилүү маселелерди көтөрүп жатышат.

Белгилей кетсек, УТРКда, республикалык жана облустук телеканалдарда, социалдык тармактардагы баракчаларда түз алып баруу улантылууда.