Жаңылыктар
Курултайдын делегаттары Саламаттыкты сактоо системасын жакшыртуу боюнча суроолор менен кайрылды
Кыргызстан жаңылыктары
Курултайдын делегаттары Саламаттыкты сактоо системасын жакшыртуу боюнча суроолор менен кайрылды

Министрдин биринчи орун басары Медер Исмаилов, Айжамал Шамбетова, Бүбүжан Арыкбаева делегаттар менен баарлашып, маселелерди тез арада чечүү боюнча тапшырмаларды беришүүдө. 

Экинчи Элдик Курултайдын биринчи күнүндө, 15-декабрда 83 делегат Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин адистерине саламаттыкты сактоо системасынын ар кандай тармактары боюнча суроолор менен кайрылды. Бардык маселелер жооптуу адистер тарабынан катталып, көзөмөлгө алынды.

Делегаттардын басымдуу бөлүгү саламаттыкты сактоо уюмдарынын имараттарын курууга жана капиталдык оңдоп-түзөөгө көмөк көрсөтүү, мамлекеттик дарыканаларды ачуу өтүнүчү менен кайрылса, кадрларды көбөйтүү боюнча кайрылуулар да болду. Министрдин биринчи орун басары Медер Исмаилов, Эскерте кетсек, 15-16-декабрда Бишкекте экинчи Элдик Курултай өтүп жатат.