Жаңылыктар
С. Жапаров мамлекеттик башкаруу процессинде колдонулган жаңы технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү
Кыргызстан жаңылыктары
С. Жапаров мамлекеттик башкаруу процессинде колдонулган жаңы технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-декабрда, экинчи Элдик Курултайда делегаттарга реалдуу убакытта мамлекеттик башкаруу процессинде колдонулуп жаткан жаңы технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү. 

Мамлекет башчысы бул технологиялар экономиканын ар түрдүү тармактарына реалдуу убакыт режиминде мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берерин белгиледи. Жыйындын жүрүшүндө делегаттарга "Кумтөр" кениндеги жана энергетикалык объектилердеги учурдагы иштин жүрүшү көрсөтүлдү. 

Өткөрүү пункттарынын жана салык системасынын иши да экранда көрүнүп турду.Садыр Жапаров өлкөдө коопсуз шаар камералары дагы иштеп жатканын, анын аркасында укук коргоо органдарынын иши жакшырганын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы буга чейин мындай ачык жана ыкчам маалымат дүйнөнүн каалаган бурчунда камераларды мобилдик телефондо же планшетте тиркеме аркылуу көрүүгө мүмкүндүк берген эмес деп канааттануу менен белгиледи. 

Айта кетчү нерсе, камералар суткасына 24 саат, жумасына 7 күн жаздырат, видео сакталгандан кийин,  каалаган убакта видео архивди талап кылса болот.