Жаңылыктар
АКШ визасынын мөөнөтү он жылга көтөрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
АКШ визасынын мөөнөтү он жылга көтөрүлөт

Кыргызстандын АКШ жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бактыбек Аманбаев АКШнын Мамлекеттик Департаментинин Консулдук Бюронун Виза иштери боюнча кеңсесинин директору менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы визалык карым катнашты жакшыртуу маселеси талкууланды. 

Элчи сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз аттуулдарына берилүүчү туристтик жана бизнес визанын мөөнөтүн 5-жылдан 10-жылга көтөрүүнү жана ушул визиларга төлөнүүчү төлөмдүн өлчөмүн азайтуу маселесин кароону тездетип, аны оң жакка чечип берүүнү өтүндү. Өз кезегинде Б.Макнерни бул маселе АКШнын тиешелүү бийлик өкүлдөрү тарабынанан талкууланып, каралып бүтүп калгандыгын, маселе кыргыз тараптын өтүнүчүнө ылайык оң чечилип жаткандыгын жана жакынкы күндөрү анын жыйынтыгын кыргыз тарапка расмий түрдө кабарлана тургандыгын маалымдады.