Жаңылыктар
Курултайда министрликтерге түшкөн кайрылуулар
Кыргызстан жаңылыктары
Курултайда министрликтерге түшкөн кайрылуулар

Элдик Курултайда министрликтердин өкүлдөрү эки күн бою делегаттардын суроолууна жооп берди. Маданият министрлигине жалпысынан 58 кат түрүндө кайрылуу катталды. Алардын басымдуу бөлүгү аймактарда маданият үйлөрүн жана спорт зал салуу, ремонт иштерине көмөктөшүү сындуу суроолор болду. Ал эми энергетика министрлигине

117 делегат кайрылды. Делегаттардын көпчүлүгү газдаштыруу, кубаттуулукту көтөрүү, ГЭС куруу, аба чубалгыларын, трансформатор жана мамычаларды жаңылоо маселелери менен кайрылышты. Билим берүү жана илим министрлигине 300дөй делегаттан 264 кайрылуу түштү. Саламаттык сактоо министрлигине

150дөй кайрылуу болду. Алардын басымдуу бөлүгүн ФАП куруу, кадр жетишсиздиги боюнча маселер түздү. Ал эми дарылоого байланыштуу маселердин айрымдары жеринде чечилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү элет элинин 50дөн ашуун сунушун, көйгөйлөрүн жакындан угушту. Көбүнесе өлкөнүн алыскы аймактарындагы дарыя жээктерин бекемдөө, сел тосмолорун, дамбаларды куруу маселери менен кайрылышты.