Жаңылыктар
Суу каптоонун кесепеттери жоюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Суу каптоонун кесепеттери жоюлду

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунунушалиевдин тапшырмасы менен борбор калаанын коммуналдык кызматтары абанын температурасынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу муз топтоонун натыйжасында пайда болгон суу каптоо кесепеттерин жойду. «Бишкексуучарба», «Бишкекжашылчарба», «Тазалык», «Бишкекасфальтсервис», «Бишкексууканал» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери, ӨКМдин кызматкерлери жана ыктыярчылар суу каптаган жолдорду, жөө адамдар өтүүчү аймактарды жана Ала-Арча дарыясынын жанындагы короо-сарайларды тазалоо иштерин жүргүзүштү. 

Райондук администрациялар жана муниципалдык ишканалар күнү-түнү нөөмөт уюштурушкан. 4 фронталдык жүктөгүч, 10 HOWO самосвалы, 7 экскаватор жана 40 жумушчунун күчү менен жакынкы сугат тармактары тазаланды.