Жаңылыктар
Чечен Республикасынын бет-жаак хирургу Саидмагомед Ахметахунов Кыргызстанда
Кыргызстан жаңылыктары
Чечен Республикасынын бет-жаак  хирургу Саидмагомед Ахметахунов Кыргызстанда

Чечен Республикасынын белгилүү хирургу Саидмагомед Ахметахунов Кыргызстанга келип кайрымдуулук операцияларды жасоого киришти. Ал Жал кичи районундагы Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун бет-жаак хирургиясы бөлүмүндө бейтаптарды кабыл алып жатат. 

Ахметахунов алдыда 4 күн катары менен операцияларды жасайт. Адистердин айтымында, бет-жаакка Кыргызстанда жылына 400гө жакын операция жасалса, мунун басымдуу бөлүгү нышан төрөлгөн балдар. Айта кетсек, Ахметахунов Чечен Республикасындагы Ахмат Кадыровдун фонду аркылуу Кыргызстанга келгени кабарланды.