Жаңылыктар
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Москва шаарына барды
Кыргызстан жаңылыктары
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Москва шаарына барды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Москва шаарына барды. 

Жумуш сапардын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагындагы иш-чараларга катышат. Өкмөт башчыларынын кеңешинин алдыдагы жыйынынын алкагында Кыргызстандын быйылкы КМШ органдарындагы төрагалыгынын жыйынтыгы чыгарылаары күтүлүүдө. 

Мындан тышкары Россия Федерациясы 2024-жылы Россиянын КМШга төрагалык кылуу Концепциясынын негизги жоболорун сунуштайт. КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында Өкмөт башчыларынын билдирүүсүнө кол коюлуусу күтүлүүдө. 

Белгилей кетсек, 2023-жылы КМШнын органдарына Кыргызстан төрагалык кылууда.