Жаңылыктар
Курултай - жаңыланган баарлашуу ордосу
Кыргызстан жаңылыктары
Курултай - жаңыланган баарлашуу ордосу

Эки күнгө созулган элдик курултай кечээ күнү ишин жыйынтыктады. Быйыл экинчи ирет өтүп жаткан элдик жыйынга жети жүздөн ашык делегат катышты. 

Алардын 130га жакыны жарыш сөзгө чыгып үлгүрдү. Бирок курултай өтүп жаткан филармонияда бардык мамлекеттик кызматтардын кеңсеси ачылып, жарандар ошол жерге кайрылып, арыз даттанууларын, кайрылуу, билдирүү, сунуштарын калтырышты.