Жаңылыктар
Кыргызстан Баткенден башталат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан Баткенден башталат

Өлкө башчысы Элдик Курултайда сүйлөп жатып, Баткен облусун калыбына келтирүү жана өнүктүрүү бийликтин алдыга койгон максаттарынын негизгиси экенин билдирди. Бүгүнкү күндө чечилбей келген чек ара маселеси ордунан жылып, каргашалуу окуялардан кийин Капчыгай жана Достук айылдарынын башкы планы түзүлүп, талкаланган үйлөрдүн ордуна жаңысы курулуп, калыбына келтирилди. Жакында эле Президент дубанда иш сапары менен болуп, бир катар социалдык объектилердин ачылышына катышты.

Достук жана Капчыгай айылдарынан тышкары, Баткен облусу боюнча 30га жакын соцобъекттер: мектеп, бала бакча, ФАП, УКМКнын облустук башкармалыгынын имараты, оорукана, спорт зал жана башкалар ачылды. Бүгүн Баткен облусунун өзгөчө статусу бар. Жеңилдетилген каржылоо механизми бекитилген. Облусту өнүктүрүү үчүн бюджет түзүүнүн өзгөчө тартиби кабыл алынган. Министрлер кабинети тарабынан мамлекеттик кепилдиктер, өзгөчө салык жана инвестициялык режим киргизилген.