Жаңылыктар
Республикалык бюджеттин эң жогорку көрсөткүчү күтүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Республикалык бюджеттин эң жогорку көрсөткүчү күтүлүүдө

Бул аптада Жогорку Кеңеш мамлекеттик бюджеттин 2023-жылдагы аткарылышын жактырды жана кийинки жылдын бюджетин бекитип берди. Министрлер кабинетинин эсебинде кийинки жылы киреше 378 млрд сом болуп, чыгаша 367 млрд сомго жетет. Республикалык бюджеттин профицити 11 млрд сом болот деп бекитилди. Башкача айтканда кийинки жылы мамлекеттин чыгашасына караганда кирешеси көп болот.

Экономика бүгүнкү динамика менен өспөгөндө ушул азырда тышкы карызды төлөөдө көйгөй жаралат беле жокпу айтыш кыйын. Бирок бүгүн бересе өз маалында, кечиктирилбей төлөнүп жатат. 2030-жылга чейин ири суммадагы карыздар төлөнөт. Маселен, быйыл - 344 млн доллар, кийинки жылы - 400 млн доллар, ал эми 2025-жылы - 430 млн долларды мамлекет тышкы карызга берет.

Жакында ички дүң продукция 1 трлн сомдук чекти басып өттү. Бул көрсөткүчтөр, эң алгач, экономикалык саясаттын туура, таза жана жыйынтыктуу жүргүзүлгөндүгүнөн улам жаралды.