Жаңылыктар
Өргө карай өрүш алган экономика
Кыргызстан жаңылыктары
Өргө карай өрүш алган экономика

Бүгүн экономикалык өсүш тууралуу сөз кылып жатып, пандемиядан кийинки абалды, ошондогу калбырдай тешилген бюджетти да тарых үчүн айта кетүү керек. 2020-жылы ички дүң өндүрүш 8 жарым пайызга чейин түшүп кеткен. Тышкы карызды кантип төлөйбүз деп ала-чакмак түшкөн, эл ичинде ар кандай каңырыш кептер тараганы да тарых.

Ар кандай терс божомолдорго карабай ички дүң өндүрүш 2021-жылы 6,2%, 2022-жылы 7% өсүш менен чыкты. Быйыл божомол боюнча экономикада төрт жарым пайыз өсүү болот.

Азыркы бийлик коррупция менен күрөштүн алкагында бажыдан жана салыктан көп акча чогултуп жатат. Фискалдык саясат иретке келди. Мурда жылына 30 млрд сом чогулткан салык кызматы быйыл 250 млрд сом жыйнады. Ошол эле маалда жаңы салык киргизген жок.