Жаңылыктар
Курултайда энергетика министрлигине 117 кайрылуу түштү
Кыргызстан жаңылыктары
Курултайда энергетика министрлигине 117 кайрылуу түштү

15-16-декабрда Бишкекте өткөн Элдик курултайдын жүрүшүндө 117 делегат көйгөйлөрү менен Энергетика министрлигине кайрылды. Ведомстводон билдиришкендей, курултайга энергетика министри Таалайбек Ибраев, орун басарлары жана министрликтин тийиштүү кызматкерлери делегаттар менен жолукту. Аймактардан келген делегаттар күнүмдүк жашоодо эле эмес, жалпы өлкөнүн өнүгүшүндө энергетиканын ролу чоң экенин белгилешти. 

Жолугушуунун алкагында энергетика боюнча жалпы 117 делегат кайрылды. Делегаттардын көпчүлүгү газдаштыруу, кубаттуулукту көтөрү, ГЭС куруу, аба чубалгыларын, трансформатор жана мамычаларды жаңылоо маселелери менен кайрылышты. Энергетика министри Таалайбек Ибраев делегаттар тарабынан айтылган сунуштар эске алынарын баса белгиледи.