Жаңылыктар
Памирден келген этностук кыргыздарга 82 млн сом бөлүндү
Кыргызстан жаңылыктары
Памирден келген этностук кыргыздарга 82 млн сом бөлүндү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинентинин 2022–жылдын 30-июнундагы №356 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келген эностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча 2022-2024 –жылдарга программасын бекитүү жөнүндө” токтомунунун Иш- чаралар Планынын 2.2 пунктунун негизинде этностук кыргыздарга тамак-аш азыктары, кийим, дары-дармек жана башка тиричилик буюмдары менен камсыз кылуу максатында республикалык бюджеттен Ош облусунун Чон-Алай районунун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө 2 млн сом бөлүнүп берилди.

Мындан тышкары, капиталдык салымдар беренеси боюнча Ош облусунун Чоң-Алай районуна Кичи жана Улуу Памирден келген этникалык кыргыздар үчүн турак жайларды курууга 2023-жылдын 30-августундагы №511-т тескемеге ылайык, республикалык бюджеттен 80 млн сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө каралган сумма толугу менен (100%) бөлүндү.