Жаңылыктар
Россия: КР айдоочулук күбөлүгүнө тыюу салынбайт
Кыргызстан жаңылыктары
Россия: КР айдоочулук күбөлүгүнө тыюу салынбайт

Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаттары кыргызстандык такси айдоочуларга байланыштуу мыйзам долбоорун артка чакыртып ала турган болду. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев билдирди. Анын айтымында, орусиялык депутаттар буга чейин Кыргыз Республикасында айдоочулук күбөлүк алып, Орусия Федерациясынын аймагында такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салууну көздөп жаткан. 

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында алар мыйзам долбоорун кайра артка чакыртып алууга бир шарт менен макул болгон. Негизинен Кыргызстанда мыйзамдуу жол менен окуп, коррупциясыз сынак тапшырып, күбөлүк алгандардын толук тизмесин берүүнү талап кылган. Буга Орусиянын аймагында Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн 3 миң сомго сатып алгандар көп болуп жатканын жүйө келтиришкен.