Жаңылыктар
Апостиль жана ага тиркелген трасттык документтер иликтенүүдө
Саясат
Апостиль жана ага тиркелген трасттык документтер иликтенүүдө

Борбордук Американын Белиз мамлекетинен келген апостиль жана ага тиркелген трасттык документтер тууралуу күн мурун парламентте кызуу талкуу жаралды. Көпчүлүк эл өкүлдөрү, дегеле коомчулукта бул кагаздар кандай маанини берерин, аны пайдалануу жолдору тууралуу суроолор болууда.

Ал эми маселенин түбү "Альфа Телекомдун" 51 пайыз акциясын сатууга кызыкдар болгон жогорку кызмат адамдарынын оффшордогу "Соустфилд" компаниясы менен болгон байланышына барып такалат.