Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Москвадагы ЭЧЖК комплексиндеги “Кыргызстан” күркөсүндө болду
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Москвадагы ЭЧЖК комплексиндеги “Кыргызстан” күркөсүндө болду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москва шаарына (Россия Федерациясы) болгон жумуш сапарынын алкагында Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсү (ЭЧЖК — ВДНХ) комплексиндеги “Кыргызстан” күркөсүнө барды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасына кыргыз күркөсүнүн ишинин алдыдагы пландары тууралуу айтып беришти. Тагыраагы күркөнүн аймагында улуттук тамак-аштарды камтыган ресторан ачылаары, жыйындар залы болоору, жалпы Кыргызстан тууралуу, өзгөчө анын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана өлкөнүн маданияты жөнүндө интерактивдүү маалымат тактайлары орнотулаары айтылды.