Жаңылыктар
УКМК: Аткезчиликке көмөктөшкөн чек арачылар кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Аткезчиликке көмөктөшкөн чек арачылар кармалды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда аткезчиликке көмөктөшкөн УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери кармалды. Маалыматта айтылгандай, 17-декабрдан 18-декабрга карган түнү, атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүдө, чек ара кызматынын жетекчилигинин жардамы менен коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан "Баймак-автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлери кармалды.

Алар көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагы аркылуу жумуштан тышкаркы убакта мыйзамсыз жүк алып өтүп жатышкан. Такталгандай, көзөмөлдөп-өткөрүү пунктунун кызматкерлеринин бул системалуу мүнөздөгү иш-аракеттери жана туруктуу контрабанда каналы уюштурулуп, жигердүү иштеп жаткандыгы аныкталды. Аталган чек ара кызматынын кызматкерлери акчалай сыйлык үчүн түн ичинде контрабандалык жүктөрдү өткөрүүгө жигердүү көмөктөшкөн. 

Мындан улам, бул кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында, чек-ара кызматынын көзөмөлдөп-өткөрүү пунктунда атайын орнотулган видеокөзөмөл камераларын жаздырууга жол бербөө максатында, ошол объектинин бүткүл аймагында электр энергиясын өчүрүүгө барган. Ошондой эле аталган чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө көмөктөшүү жолу менен, "Баймак" көзөмөлдөп-өткөрүү пунктунда мыйзамсыз аткезчиликти уюштуруу фактылары аныкталган. Азыркы учурда бул контрабандалык ишке катышкан "Баймак-автожол" көзөмөлдөп-өткөрүү пунктунун 8 кызматкери жана 5 жөнөкөй жаран кармалды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.