Жаңылыктар
Ала-Букада мал өткөрүү пункту пайдаланууга берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ала-Букада мал өткөрүү пункту пайдаланууга берилди

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу “Баймак—автожол” өткөрмө бекетине жакын жерге “Бай-Талаа” соода логистикалык борборунун мал өткөрүүчү пункту курулуп, пайдаланууга берилди. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мында малды күн сайын өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. 

Курулуш жумуштары жеке ишкер тарабынан эки жыл аралыгында жүргүзүлүп, келерки аптадан тартып экспорттоо иши башталат. Ага жергиликтүү бийлик тарабынан 21 гектар жер аянты ажыратылган. Жакынкы аралыкта аталган пункттан эки чакырым алыстыкка курулуп жаткан мал базары да ишке берилет.