Жаңылыктар
Кыргызстан электрондук документ жүгүртүүгө өтүү менен бир жылда 382 млн сом үнөмдөгөн
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан электрондук документ жүгүртүүгө өтүү менен бир жылда 382 млн сом үнөмдөгөн

Өлкө электрондук документ жүгүртүүгө өтүү менен бир жылда 382 млн сом үнөмдөдү. Бул туурасында санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында билдирди. Анын айтуусунда, Кыргызстанда "Infodocs" электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасына 2 миң уюм кошулуп, системаны колдонуучулардын саны 120 миңден ашты

"2023-жылы системада 12 миңден ашык документ катталган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бир жылда мамлекет 382 млн сом үнөмдөгөн", - деди министр.