Жаңылыктар
Жогорку Кеңеш тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку Кеңеш тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды

20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз чукул кабыл алды. Документке экинчи окууда 58 депутат “макул”, алты депутат “каршы” добуш берди. 

Үчүнчү окууда 59 депутат долбоорду колдоп, беш депутат каршы чыкты. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев “желек өзгөртүлбөй турганын, ага оңдоп-түзөө гана киргизилп жатканын” билдирди.

19-декабрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети документти кабыл алган.