Жаңылыктар
Кыргызстан менен Германия илим изилдөө жана инновациялар жаатында кызматташат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Германия илим изилдөө жана инновациялар жаатында кызматташат

 Кыргызстан менен Германиянын ортосунда илим изилдөө жана инновациялар тармагында кызматташуу ниети тууралуу Биргелешкен билдирүүгө кол коюлду. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, билдирүүгө билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын Берлинге болгон сапарынын алкагында Германиянын Билим берүү жана илимий изилдөөлөр министрлигинин Мамлекеттик катчысы Юдит Пиршер жолугушуусу учурунда кол коюлду. Ага Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев дагы катышты.

Министр Догдуркүл Кендирбаева эки өлкөнүн илимий изилдөөлөр жана инновациялар жаатындагы өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүнүн зарылдыгын, ошондой билим берүү мекемелеринин ортосунда тажрыйба жана алдыңкы педагогикалык ыкмалар жана технологиялар менен алмашуу зарылдыгын белгиледи.

Мамлекеттик катчы Юдит Пиршер герман тараптын эки өлкөнүн илимий мекемелери менен окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар 2024-жылы Кыргызстанда Кыргыз-немис илим күндөрүн өткөрүүнү макулдашты.