Жаңылыктар
Заманбап техника мамлекеттин кубатын көрсөтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Заманбап техника мамлекеттин кубатын көрсөтөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалык базасы акыркы 3 жыл аралыгында болуп көрбөгөндөй жаңыланды. Өрт өчүрүү кызматы 100 пайызга жаңыланды. Куткаруучуларды заманбап техникалар менен камсыз кылуу мамлекеттин кубаттуулугун көрсөтөт. Миңдеген адам өмүрүн сактап калууга, табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга шарт түзөт. Келген техникалардын баары заман талабына жооп берет.