Жаңылыктар
Желекке айрым өзгөртүүлөр гана киргизилеби?
Кыргызстан жаңылыктары
Желекке айрым өзгөртүүлөр гана киргизилеби?

Жогорку Кеңеш «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндөгү» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Аталган документти кечээ тармактык комитет колдоп берген болчу. Мамлекеттик туунун айрым элементтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү, аны жакшыртуу аракеттери – өлкөнүн жаңы дем менен өнүгүүсүнө жол ачат деп жоругандар да бар.