Жаңылыктар
Элдик Курултайдын катчылыгы түзүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Элдик Курултайдын катчылыгы түзүлөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Элдик курултайдын катчылыгы" мекемесин түзүү жөнүндө токтомго кол койду. Чечим Элдик курултайдын ишин камсыз кылуу максатында кабыл алынган. Финансы министрлигине зарыл болгон акча каражатын табуу жана Катчылыктын ишин каржылоону белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу тапшырмасы берилди.

Ал эми Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке президенттин Иш башкармасы менен биргеликте Катчылыкты керектүү жайлар менен камсыз кылуу тапшырмасы коюлду.