Жаңылыктар
Социалдык фонддун жалпы кирешеси 94 млрд сомдон ашты
Кыргызстан жаңылыктары
Социалдык фонддун жалпы кирешеси 94 млрд сомдон ашты

Ушул жылдын 11 айында Социалдык фонддун жалпы кирешеси 94 млрд 209,9 млн сомду түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Социалддык фондун башчысы Бактияр Алиев билдирди. 

Анын айтымында, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бюджеттин кирешеси 22 млн сомго өстү. Ал белгилегендей, 2023-жылдын 11 айында Социалдык фонддун бюджетинин жалпы чыгашалары 80 млн 462,8 миң сомду түздү. Пенсияга кеткен чыгымдардын көбөйүшү Социалдык фонд улгайган жарандарды социалдык жактан коргоо боюнча олуттуу иштерди жүргүзүп жатканын айгинелейт. Ошондой эле ал кошумчалагандай, алдын ала маалыматтар боюнча, 2023-жылдын 1-декабрына карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 765 миң адамды түзөт.