Жаңылыктар
Келерки жылы пенсия көбөйөт
Кыргызстан жаңылыктары
Келерки жылы пенсия көбөйөт

Келерки жылы пенсияны жогорулатууга 970 млн сом каралган, деп билдирди маалымат жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев. 

Анын айтымында, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7%га көтөрүү пландаштырылууда. “2024-жылдын 6 айынын жыйынтыгында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсүн карайбыз, эгер алар көбөйсө, пайыздын санын жогорулатабыз”, - деп кошумчалады ал.