Жаңылыктар
МИК: 2024-жылы уставдык капитал 179 млн долларга көбөйөт
Кыргызстан жаңылыктары
МИК: 2024-жылы уставдык капитал 179 млн долларга көбөйөт

2024-жылы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы дээрлик 180 млн долларга көбөйөт. Бул тууралуу «Мамлекеттик ипотекалык компаниянын» башкармалыгынын төрагасынын орун басары Амантур Өмүров билдирди. 

Айтымында, I жана II кварталда компаниянын эсебине 100 млн доллар которулат. Ал «Кыргызстандагы турак жайды каржылоо» долбоорунун алкагында Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнөт. Мындан тышкары эмдиги жылы Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 79 млн АКШ доллары түшөт. Жалпысынан өлкө боюнча 2023-жылы мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында 1 миң 400 үй-бүлө турак жайлуу болду.