Жаңылыктар
Алайкууда кардын калыңдыгы бир жарым метрге жетти
Өзгөчө кырдаал
Алайкууда кардын калыңдыгы бир жарым метрге жетти

Алайкууга жааган кардын калыңдыгы бир жарым метрге жетти. 

Мындан улам жол каттамы үзгүлтүккө учурап, окуучулар мектепке бара албай калды. 

Айрым үйлөрдүн чатырлары кулап, электр жарыгы дагы үзгүлтүккө учурады. 

Алайкуунун тургундары кар 17-ноябрдын таңынын бери жаап жатканын кабарлашты. 

Алар район борбору менен телефон аркылуу байланышып жатканын, бирок жол жабык болгондуктан кандайдыр бир жардам келишинен күмөн болуп жаткандарын билдиришти.