Санариптештирүүнүн натыйжасында көмүскө экономика ачыкталып, анын натыйжасында бажы кызматы быйыл белгиленген планды 100 пайыз аткарып, бюджетке жалпы 107 млрд сомддон ашык бажы төлөмдөрү түштү.
Бажыдан түшкөн киреше жылдан-жылга өсүп жатат. 2021-жылы 46,9 млрд сом бажы төлөмдөрү чогултулса, былтыр 74,3 млрд сом чогулган, ал эми 21-декабрга карата 107 млрд 574 млн сом бажы төлөмдөрү түшүүсүн камсыз кылды.