Жаңылыктар
МИК: 2024-жылы 3 миң батир курулуп бүтөт
Кыргызстан жаңылыктары
МИК: 2024-жылы 3 миң батир курулуп бүтөт

2024-жылы Бишкек менен Жалал-Абадда мамлекеттик ипотекалык программанын катышуучулары үчүн курулуп жаткан 3 миңге жакын батирди бүткөрүү пландалууда. Бул тууралуу «Мамлекеттик ипотекалык компания» башкармалыгынын төрагасынын орун басары Амантур Өмүров билдирди. Ошондой эле мамипотекалык компаниянын уставдык капиталы дээрлик 180 млн долларга көбөйөрү айтылды. 

Быйыл мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында 1400 үй-бүлө турак жайлуу болду. Ипотекалык каржылоонун жалпы суммасы 3 миллиард сомдон ашат. Анын басымдуу бөлүгү аймактарда ишке ашырылган немис банкынын каржылоо программасынын алкагында берилген.

Буга чейин ипотекалык насыялоо өнөктөш банктар аркылуу берилип келсе, өлкө башчынын демилгеси менен быйылтан тарта компаниянын негизги багыты жеткиликтүу турак жайларды курууга бурулду. Учурда ордо калаада эле 700-ден ашуун батирлүү көп кабаттуу үйлөр салынууда. Мындан тышкары Жалал-Абад шаарында 650 батир курулуп жатат.