Жаңылыктар
Пенсиянын орточо көлөмү канча?
Кыргызстан жаңылыктары
Пенсиянын орточо көлөмү канча?

Социалдык фонд жыл башынан бери пенсияларды төлөөгө 67 миллиард сомдон ашык каражат сарптады. Бул тууралуу аталган мекеме жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында айтылды. Эскерте кетсек быйыл пенсионерлердин саны 765 миңден ашты.

Декабрь айы соңуна чыга элек болгондуктан Социалдык фонд жылдын алдын ала жыйынтыгын, 11 айдагы көрсөткүчтөрдү эсептеп чыгарды. Ага ылайык киреше былтыркы жылдын ушул мезгилине карата 30 пайызга жогорулады.