Жаңылыктар
Нарында 10 соцобъект пайдаланууга берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында 10 соцобъект пайдаланууга берилди

Быйыл Нарында курулуш тармагында бир топ жылыш байкалды. Теңир-Тоо жергесине республикалык бюджеттен 852 млн 700 миң сомдук 67 обьект планга киргизилип, 633 млн 117 миң сом каржыланды. Анын ичинен капиталдык курулушка 37 объект киргизилсе, ушул жылы анын 10у пайдаланууга берилди. Алардын төртөө мектеп.

Кочкордун Ара-Көл айылындагы орто мектеп 1998-жылы ашар жолу менен салынгандыктан, талапка жооп берчү эмес. Шартка байланыштуу окуучулар авариялык абалдагы эски мектепте билим алууга мажбур эле. Жапырайган имарат, эскилиги жеткен үстөл, парта, жарактан чыккан доскасы бар класста окуган күндөр эми арта калды.