Жаңылыктар
Эмдөө-дартты жуктурбоого кепилдик берет
Кыргызстан жаңылыктары
Эмдөө-дартты жуктурбоого кепилдик берет

Өлкө аймагында 1 жаштан 6 жашка чейинки балдар арасында кызамык оорусуна кабылгандардын саны өсүүдө. Бул ооруну алдын алуу максатында Баткен облустук саламаттык сактоо мекемелеринде календардык негизде эмдөө жүргүзүлүүдө. Бирок кээ бир ата-энелердин эмдөөгө кайдыгер мамиледе болгондугуна байланыштуу аймакта аталган оору күч алган. Аны менен катар аймакта сарык оорусу да күч алып айрым жерлерде балдар бакчасы жабылууда. 

Баткен шаарынын тургуну Базаргүл Камилова облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна гепатит оорусуна каршы эмдөө алганы келген. Ал гепатит оорусуна каршы эмдөөнүн үчүнчү дозасын алууда. Айтымында бир эле гепатит эмес кызамык, кызылча ооруларына каршы эмдөөнү да убагында алуу керек дейт.