Жаңылыктар
Ысык-Көлдө кар көчкүдө калган жаран куткарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө кар көчкүдө калган жаран куткарылды

Ысык-Көлдө унаасы кар көчкү астында калган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун саат 17:00 чамасында Каракол — Эңилчек жолунун 81-82-чакырымдарында кар көчкү жүрүп, бул аймакта бараткан унааны жолдон сайга сүрүп түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Ак-Суу райондук ӨКБнын 4 офицери авариялык куткаруу унаасы менен жөнөтүлгөн.