Жаңылыктар
Караколдо медициналык колледждин директору киши колдуу болду
Кылмыш
Караколдо медициналык колледждин директору киши колдуу болду

Кечээ, 17-ноябрда Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында, Иса Ахунбаев атындагы медициналык колледждин директору өз үйүндө киши колдуу болду. 

Маалым болгондой, аял бир нече жолу бычакталган. 

Анын денесин кызы мектептен келгенден кийин көргөн. 

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, үйдө эч кандай тоноо же уурулук фактыларынын издери байкалган эмес. Учурда "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду.