Жаңылыктар
Мамлекет башчысы мыкты студенттерге президенттик стипендияларды тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекет башчысы мыкты студенттерге президенттик стипендияларды тапшырды

Өлкөнүн келечегине кайгыдер карабаган, ата салты менен нарк-насилин барктаган, билимге сугарылган жаштар биздин келечек. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров өлкөнүн жогорку окуу жайларында мыкты окуган алдыңкы студенттерге президенттик стипендияны тапшырганда айтты. 

Мамлекет башчысы, замандын күрөө тамырын кармай билген, дүйнө кайда баратканын талдай билгендер зирек жаштар менен жолугуп, пикир алмашканына кубанганын айтып, жаңы ийгиликтерди жаратууну багыт кылып алып, талбай изденүүнү улантууну кеңеш берди. Президент белгилегендей, жаш муундун өкүлдөрү түрдүү долбоорлорго катышып, ийгиликтерди жаратып, учурдун бардык чакырыктарына жооп берүүгө далалат кылуусун көрүү жагымдуу. Айта кетсек, быйыл Кыргызстандын 75 мыкты студенти президенттин стипендиясына ээ болуп, 60 миң сомдон бир жолку стипендия алышты.