Жаңылыктар
Акылбек Жапаров: ЕӨБ Кыргызстандын өнүгүүсүнө оң баасын берди
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров: ЕӨБ Кыргызстандын өнүгүүсүнө оң баасын берди

Евразия өнүктүрүү банкы аналитикалык макроэкономикалык баяндамасын жарыялап, анда өлкөнүн өнүгүүсүнө оң баа берди. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин жыйынында билдирди. Быйыл 11 айда ички дүң продукция 1 триллиондук чектен ашып, реалдуу өсүү темпи 4,4%ды түзгөн.