Жаңылыктар
Кыргыз - тажик мамлекеттик чек арасынын 11,88 чакырымы макулдашылды
Чек ара
Кыргыз - тажик мамлекеттик чек арасынын 11,88 чакырымы макулдашылды

Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 11,88 чакырымы боюнча макулдашты. Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында 17-декабрдан 23-декабрга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. 

Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 11,88 чакырымы боюнча макулдашты. Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантат. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.