Жаңылыктар
Дмитрий Бивол бокс боюнча дүйнө чемпиону болду
Спорт
Дмитрий Бивол бокс боюнча дүйнө чемпиону болду

Токмокто төрөлүп-өскөн Дмитрий Бивол бокс боюнча эки уюмдун версиясы боюнча дүйнө чемпиону аталды

Бивол британиялык Линдон Артур менен беттешти. Дмитрий раунддардын бардыгында үстөмдүк кылып, калыстардын бирдей чечими менен жеңишти камсыздады. Ал Бүткүл дүйнөлүк бокс уюмундагы чемпиондук наамын коргоп, атаандашынын Эл аралык бокс уюмундагы титулун тартып алды. Турнир Сауд Арабияда өтүп, ага дүйнөнүн эң мыкты 16 боксчусу катышты.