Жаңылыктар
Ош шаарында жаңы ФАП пайдаланууга берилди
Ден соолук
Ош шаарында жаңы ФАП пайдаланууга берилди

Ош шаардык Үй-бүлөлүк медицина борборуна караштуу Жапалак аймактык Фельдшердик-акушердик пункттун жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, анын ачылыш аземине министр Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Жаңы курулган ФАПта кызматкерлер жана калк үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, медициналык кызматтын сапаты жакшырууда.